КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы өткөзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүндө коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматы билдирет.

2018-жылдын 2-ноябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 313, 313-1, 304, жана 314-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн начальниги «А.Н.» кармалды.

Такталган боюнча, «А.Н.» материалдык жактан каражат топтоо максатында жарандардан автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатууда, ошондой эле автомектептердин окуучуларынан айдоочулук күбөлүк алуудагы экзаменин алууда мыйзамсыз акча алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган.

Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.