25-октябрда УКМК жашыруун иш жүргүзгөн эл аралык террордук уюмдун 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады кабарлады.

Маалымат боюнча, кармалгандар 2017-жылдан бери Сирия менен Ооганстандагы террордук уюмга жоочуларды тартуу жана даярдоо боюнча иш алып барып келишкен. Алардын бешөө чет элдик жаран, төртөө Кыргызстандын жарандары. ЭТУнун мүчөлөрү Кыргызстанда ок атуучу жана жарылуучу заттарды колдонуу менен диверсиялык аракеттерди көрүүгө камынышкан.

Кылмыштуу топтун курамында кармалган чет элдиктер өз өлкөлөрүндө террордук аракеттер үчүн издөөгө жарыяланган.

УКМКнын тергөө органдары козголгон кылмыш ишинин алкагында иликтөө иштерин улантууда. Алар чет мамлекеттердин атайын органдары менен кызматташууда. (ErN)

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.