19-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети террористтик уюмунун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, кармалган жаран  2013 жылдан бери террористтик уюмунун мүчөсү. Ошондой эле Сириядагы куралдуу кагылыштарга катышкан. Кыргызстанга кайтып келип, 100 КМШнын жарандарын Сирияга мыйзамсыз өтүүсүнө жардам берген.

Жаза кодексинин 375 беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери өтүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.