Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, кызматкер курулуп жаткан Эпкин-Дыйкан жолу боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара алган. Кармалган министрдин орун басары бул тендердик комиссиянын төрагасы болгон.

Жалпысынан чет элдик компаниядан 520 миң доллар сураган. Андан мурда чиновник туугандарын ортого салып 120 миң доллар алган. Ал эми калган паранын суммасын кийинки жумаларда алмак.

Учурда кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагында камакка алынды. Тергөө уланууда.

Азимкан Жусубалиев  2017-жылдын февраль айында министрдин орун басары болуп дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.