КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы Жазаларды аткаруу кызматында ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

УКМК ЖАМК кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ЖАМК көчмө механизацияшкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке ири өлчөмдөгү, тактап айтканда 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.