ИИМдин тергөө кызматы “Вечерний Бишкек” басма үйү” ЖАКка байланышкан кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасалмалоо фактылары боюнча директорлор кеңешинин төрагасы Александр Рябушкин кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын акционерлеринин арыздары боюнча текшерүү жүргүзүү учурунда басма үйүнүн жетекчилери тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2016-жылдын 5-февралындагы жана Бишкек шаардык сотунун  аппеляциялык инстанциясынын 2016-жылдын 15-июлундагы чечимдерине ылайык “Вечерний Бишкек” Басма үйүнөн”, “Вечерний Бишкек” газетасынын редакциясынан, www.vb.kg интернет сайтынан, “Жаңы агым” гезитинин редакциясынан, “МСН” газетасынын редакциясынан, “Рубикон” жарнама фирмасы” басмаканасынан Эркин Мамбеталиевге моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1 миллион сом компенсация катары төлөнүп берилген. Андан сырткары, 2015-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун сырткы чечимине ылайык “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКты моралдык зыян келтиргендиги үчүн Икрамжан Илмияновго 1 миллион сом компенсация катары төлөп берген.

“2016-жылдын 21-октябрында “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директору М. Божокоев, А. Рябушкин-“Рубикон” жарнама фирмасы” ЖЧКнын башкы директору, ошол эле убакта “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы менен болжолдуу сүйлөшүп алып, бөлүштүрүү жана башкаруу ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын кызыкчылыктарынан сырткары, арыз ээси Э. Мамбеталиев менен “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын каражатынан 1 млн сомду төлөө боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошол учурда аталган сумма үч юридикалык жактан калыбына келтирилген”, – деп билдирүүдө белгиленген.

Ошол эле күнү “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын эсебинен Эркин Мамбеталиевге чыгаша ордери боюнча 1 млн сом накталай төлөнүп берилген. Ушунун негизинде, директор М. Божокоевдин жана “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы А. Рябушкин тарабынан жабык акционердик коомуна ири өлчөмдөгү материалдык зыянга учураткан.

Жогорудагы фактылардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы 2018-жылдын 2-ноябрында КР кылмыш-жаза кодексинин 172-беренисинин 2-бөлүмү (Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү), 221-беренесинин 1-бөлүмү ( Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы), 350-беренесинин 1-бөлүмү (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

2018-жылдын 21-ноябрында “Вечерний Бишкек” Басма үйү” ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасы А. Рябушкин кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.