Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Ысык-Көл облусунун 13 жеринде электр жарыгы аварияга учурады. Бул тууралу “Чыгыш электр” ААКнын прес катчысынын милдетин аткаруучу Элдияр Макетаев билдирди.

Анын айтымында облус аймактарында жана айрым шаарларда 17-октябрга караган түнү электр жарыгы үзгүлтүккө учурай баштаган. Учурда Жети-Өгүз, Түп, Тоң, Ак-Суу райондору жана Каракол шаарында ремонт иштери жүрүп жатат.

” Аба ырайынын кескин өзгөрүүсү менен 110-10, 110-35 аба чубалгылары аварияга учурады. Мунун себеби суу кар жаап, жалбырактуу бутактар сынып кеткен. Азыркы тапта Тоңдун Кырчын жана Ак-Сай айылдарында, Жети-Өгүздө Чырак, Кабак айылдары, Караколдо Челпек айылында, Түптүн Ой-Тал кыштагында жарым жартылай свет жок. Ак-Суу районунун Боз Учук айылында оңдолууда. Болгон брига тартылып иштеп жатат. Бүгүн кечке чейин оңдоп бүткөнгө аракет кылабыз “, деди Э.Макетаев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.