Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ИИМ иштеген 3 оперативдик кызматкерге, 1 нөөмөтчүгө жана 1 тергөөчүгө кылмыш иши козголду. Анын себеби 18 жаштагы баланын өлүмүнө байланыштуу экендигин укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында ушул жылдын 15-октябрында райондун Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы тургуну Э.Касымов мал уурдоого шектелип милиция тарабынан кыйноого алынган. Натыйжада ал өз өмүрүнө кол салып 22-ноябрда көз жумган. Бул боюнча соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, аталган кызматкерлерге райондук прокуратура кылмыш ишин козгоду.

«Чындыгында маркум Э.Касымов милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганы соттук медициналык экспертиза да далилденди. Анын корутундусуна ылайык, 20-ноябрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-пункту (кыйноо) фактысы боюнча 5 кызматкерге иш козголду. Андан сырткары ИИМ тарабынан ОИИБдин башчысынын оперативдүү иштери боюнча орун басары, ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысы жана тергөө кызматынын башчысы сөгүш алышты», деди К.Рузиев.

Эске сала кетсек 2018-жылдын январынан бери Ысык-Кол облусунда тергөө учурунда 2 адам өз өмүрүн кыйган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.