Ысык-Көл облусунда катталган шамаалдан бардыгы болуп 375 турак жай зыянга учурады. Кырсыктын кесепети 14 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келгендиги эсептелди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ысык-Көлдөгү жетекчиси Рысбек Темиралиев билдирди.

Анын айтымында азыркы күндө жер-жерлерде атайын комиссия түзүлүп, материалдык чыгымды эсептөө иштери уланууда. Анын ичинен 14 турак жай жыл аягына чейин камсыздандырылат.

«Ысык-Көл облусунда 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү 25 метр секундага жеткен шамаал Балыкчы шаарынан башталып, 29 метр секундага жетип калган райондорго да жайылган. Натыйжада кулаган бак-дарактарды эсепке албаганда 375 турак жайга чыгым алып келди. Көбүнчө чатырлар учкан. Бүгүнкү күнгө чейин комиссиянын курамы анализдөө иштерин толук бүтө элек. Камсыздандыруу боюнча жергиликтүү жарандар кайрылып жатат. Бирок, алардын 14 гана камсыздандырылган соӊ, жаӊы жылга чейин материалдык чыгымын тиешелүу деӊгээлде төлөп беребиз», – деди ал.

Көл аймагында катталган шамаалдын ылдамдыгы 30 метр секундага жетип, 51 жерде электр жарыгы өчүрүлгөн.

1-декабрда катталган шамалдан келтирилген зыян менен КР вице-премьер министри Кубатбек Боронов таанышып жатат. Алгач Балыкчы шаарындагы Ч. Айтматов атындагы мектеп менен педогогикалык-индустриалдык колледждин учуп кеткен чатырынан кабар алды. Кийинки сапарын Ысык-Көл районунда улап, чыгымга учураган жершиликтүү турак жайлардын абалын карап чыгууда.

“Шамалдын кесепетинен чыгымга учураган имараттар мамлекетке камсыздандырылганбы тактапчыгуу керек. Бул боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы материалдык чыгымдарды так эсептеп беришине тапшырма койдук”, – деди вице-премьер министр.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.