Жалал-Абад облусунун ОИИБи Чычкандагы жол кырсыгынан аман калган 1,5 жаштагы наристенин туугандарын издеп жатат. Кырсык 26-июнда, саат 03:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болгон. Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам жабыркап, 2 адам каза болгон. Анын бирөөсү наристенин апасы, бирок ОИИБнин кызматкерлери аты-жөнү ким экенин билбейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.