III Дүйнөлүк көчмөндөр  оюнунун  (ДКО) ачылыш жана жабылыш аземинин билеттери сатууга түштү. Бул тууралуу ДКО секретариаты маалымдайт.

ДКО билеттерин  Бишкек шаарынын ( Чүй көч. 96. Киев көч.114), Ош шаарынын (Ленин көч.320) жана Чолпон-Ата (Советская көч.122)  шаарындагы Кыргыз почтасынын бөлүмдөрүнөн  сатып алса болот.

Ошондой эле билеттерди   Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий  тиркемеси аркылуу алууга болот. Ачылыш аземинин билеттеринин баасы 400 сомдон 4 900 сомго чейин, ал эми жабылыш  аземиники 350 сомдон 3800 сомго чейин болот.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи  2018-жылдын 2-сентябрында саат 20-00мин. Жабылыш аземи 2018-жылдын 8-сентябрында  саат 20- 00мин. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун калган иш чараларына  кирүү эркин.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.