Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду. Финалда улуттук көкбөрүчүлөр Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңип алды.

Финалга чыгыш үчүн кыргызстандыктар 3-турдан турган жолугууларды өткөрдү. 1 оюнда Монголиянын курама командасын 29:5 эсебинде жеңген. 2-турда Алтайдын командасы толук курамда чыкпагандыктан техникалык утулуш жазылган. Жарым финалда Кыргызстан Орусиянын Москва облусунун командасын 23:5 эсебинде жеңген.

3-орунду Казакстандын командасы Орусиянын Москва облусунун улакчыларын 17:1 эсебинде утуп коло байгеге ээ болду.

Мелдештеги байге фонду 6 млн 200 миң сомду түзгөн: 1-орунга 3 млн сом, 2-орунга 1,5 млн сом, 3-орунга 1 млн сом акчалай сыйлык берилди. Жалпысы мелдешге 11 курама команда катышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.