Алдыдагы Көчмөндөр оюнуна даярдык күчүндө. Учурда Бишкекте жана Ысык-Көлдө алдыдагы иш-чарага даярдыктар активдүү. Июль айынан тарта Дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде Оюндардын ачылыш, жабылыш аземине өзүнчө курам даярданууда. Бул тууралуу ДКӨнүн басма сөз кызматы билдирет.

Сахнадагы көрсөтүүлөрдүн репетитору Сырга Латыпова маалымдагандай, ачылыш, жабылышына даярдык июль айынын башында башталган. Латыпованын айтымында, сахнадагы көпчүлүктү уюштурууга “Шаттык” бий ансамбли жана 500гө жакын бийчилер даярданууда.

“Сахнадагы көрсөтүүлөрдүн иш планы, сценарийи бар. Учурда бардык театралдашкан көрсөтүүлөрдү коюудабыз. Бишкекте 25-28-августка чейин даярданабыз. Андан кийин негизги массалык курам жана группалар менен Ысык-Көлдүн ат майданында генералдык репетиция өткөрөбүз”, – деди ал.

Жайлоодогу маданий программага жооптуу режиссёр Талант Апиев айткандай, Улуу кыргыз мамлекеттүлүгүнүн тарыхый мезгилин театралдаштырып көрсөтүү чечилген.

“Бир нече талкуулоолордон жана сунуштардан кийин Кырчында кыргыз элинин “Алтын кылымын” көрсөтүү кабыл алынган. Улуу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн сахнада көрсөтүлүүчү сценарийи бекитилди. Учурда уюштуруу маселелери жүрүүдө. Мындан сырткары жайлоодо облус театрларынын артисттери өнөрлөрүн көрсөтүшөт”, – деп жыйынтыктады Апиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.