КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта Индонезияда өтүүчү XVIII Азия оюндарына катышуучу спорттук делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма соз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Азия оюндарына намыс талашканы бараткан өлкөнүн эң мыкты спортчулары менен жолугуп жатканына кубанып турганын билдирди.

«Бүткүл дүйнөлүк олимпиада оюндарынан кийинки чоң мелдеш аталган оюндарга жолдомо жеңип алуу эң мыктылардын гана колунан келет. Азия континентиндеги миллиондогон спортчулардын арасынан ушул чоң мелдешке жолдомо алганыңардын өзү чоң жетишкендик. Силер бул ийгиликке ак эмгегиңер, маӊдай териӊер, чыдамкайлыгыӊар менен жетиштиңер. Кыргыз мамлекетинин желегин желбиретип чемпиондук наамга ээ болсоңор силердин жеңишиңер бүт Кыргызстан эли үчүн чоң жеңиш болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал эл аралык спорттук мелдешке татыктуу спортсмендерди тарбиялоого көп күч-аракет жумшаган машыктыруучу-устаттарга ыраазычылык билдирди.

«Ар бириңиздердин мээнетиңиздерди баалап, барктап алууга даярбыз. Мына бул силерге тапшыра турган өлкө туусу мекендин деми, элдин руху, туулган жердин абасы-суусу. Ата-бабалардын мурасы болгон Кыргызстандын кызыл туусун бийик көтөргүлө!», — деп белгилеп, Жээнбеков Мамлекеттик тууну КР спорттук делегациясынын улуттук курама командаларынын капитаны Каныбек Жолчубековго тапшырды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.