Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Россиянын Москва шаарына барат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.