Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жанан жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору –Эльчибек Джантаевдин 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу
Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм!
Эне менен кыз баланын орду кыргыз наркында өзгөчө орунду ээлеп келген. Өткөнгө кылчайсак, аялзаты салтыбыз менен каадабызда эркин жана турмуш-тиричиликте эле эмес, коомдук иштерде да аталарыбыз менен эриш-аркак, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, тагдыр чечер эл, улут маселесинде сыртта калышкан эмес.
Анын айкын мисалы катары, улуу “Манас” баянындагы Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, андан кийинки кечээки дээрлик Жаңыл мырза, Курманжан датка ж.б. көптөгөн энелерибизди айтсак болот.
Ал эми эл аралык мааниге ээ 8-март майрамынын идеалык үндөштүгүн өткөн кылымдын башындагы аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер жана башка ушул сыяктуу аракеттерден көрө алабыз. Биринчи жолу 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган.
Бүгүнкү күндө дагы республика боюнча мамлекеттик кызматта 8000ге жакын айым эл кызматын аркалашууда. Ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарында айымдардын көрсөткүчү 40 пайызга чейин көтөрүлүп, лидер айымдар өсүп чыгып, жер-жерлерде депутат болууга жетише алышты.
1978-жылы аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Учурда аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет. Учурда расмий түрдө 32 мамлекет менен бирге Кыргызстанда дагы Аялдардын эл аралык күнү 8-мартта белгиленип келет.
Урматтуу ак элечек энелер, сүйүктүү жар, такыялуу кыздарыбыз, ушул табиятка жан киргизген жаз мезгили менен кошо кирип келген сиздердин 8-март майрамыңыздар менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктайм!
The post Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жанан жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору –Эльчибек Джантаевдин 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу first appeared on Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: