Жакында “Ата-Мекен” парламенттик фракциясы Кр Суу кодексине озгөртүү киргизүү демилгесин кайрадан көтөрдү. Депутаттар Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн жанында алтын кенди жабып, “Кумтөр Голд Компанинин” ишин токтотууга сунуштады. Бирок эксперттер бул демилгени негизсиз деп тушүндүрүштү.

Бул сыяктуу демилгелер сырткы инвесторлорду коркутат. Бул тууралуу, депутаттык демилгени талкуулаган тегерек столдун учурунда серепчи Игорь Шестаков айтты. Анын айтымында, Кыргызстан тоо кен тармагында өнүккөндөй жыйынтык көрсөткөн жок. Мамлекетте “Кумтөр” – жалгыз бир ийгиликтүү долбоор.

«Беш жыл мурун эле эксперттер Кыргызстанды инвестиция үчүн жагымдуу эмес деп белгилешкен. 2019-жылдын январында президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге арналган Коопсуздук кеңештин отурумун өткөрдү. Ал ак ниеттүү инвесторлордун ишмердигине тоскоолдуктар бардыгын тастыктады. Аларды мыйзам деңгээлинде коркутуп жатышат. Азыр дагы парламентте тоо кен ишканалардын ишин токтотуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Эгер ишке ашырылса, бюджет түзүп жаткан “Кумтөр” ишканасынын иши толук токтойт», – деп серепчи белгиледи.

Мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов “Ата-Мекендин” депутаттарынын өзгөртүүлөрү фактылар менен ырасталган жок. Мыйзам долбооруна жазылган маалым ка-негиздемеси жалпы сөздөр менен жазылган.

«Шайлоо жакындаган сайын ойлонбогон мыйзам долбоорлор талкууга салынат. 5 чакырымдагы парламенттин иши аяктап калганда, 2015-жылдын июнь айында камсыздандыруу боюнча 2 мыйзам кабыл алынган. Бирок алар мыйзам бузуулар менен кабыл алынган, мисалы, Финансы рыногун козөмөлдөө кызматы эч бир анализ, изилдөө өткөргөн эмес», – деп эксперт белгиледи.

Шерадил Бактыгулов мыйзам долбоору менен таанышып, ал жерде бир да эсеп же тоо кен тармагында иштеген компаниялардын пикирин көргөн жок.

«Суу кдоексин талкуулап жатканда, Россиядан экологдорду чакырышкан. Алар Давыдов менен Лысыйга “Кумтөрдүн” таасири 4%ан ашпайт деп жыйынтыктаган. Калган себеп – дүйнөлүк жылуу боло баштоо. Бул жерде мөңгүнүн четиндеги музду алып башка жерге орноштурганын эске алышыбыз керек. Ооба, мөңгүнүн көлөмү азайып жатат, бирок муздун көлөмү ошондой эле», – деди Бактыгулов.

Эксперттер Кыргызстандагы өзгөртүүлөрдүн баары бир толкундар менен кабыл алынат денег ой менен бирге болушат. 2020-жылы парламенттик шайлоо башталат. Аларга даярдык 2018-жылдын ортосунда башталган. Ошондуктан шайлоочулардын добушун топтоо үчүн мамлекеттин орчунду маселери курал болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.