2019-жылдын 18-январь күнү саат 12:40 чамасында Чүй облусунун Токмок шаарында алдын ала маалымат боюнча, ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Шамалдын кесепетинен Шамшы көчөсүндө жайгашкан №36 көп кабаттуу турак үйдүн 450м2 темир чатырын шамал учуруп, 2 турак үйдүн чатырына бак кулаган. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.