Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев ээлеген кызматынан кетүү боюнча арызын 23-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге киргизген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Өкмөт башчысы Мурашевдин берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштаманы Сооронбай Жээнбековго киргизди. Чечимди президент кабыл алгандан кийин министрдин кызмат тагдыры билинет.

Эскертсек, Нурбек Мурашев 2018-жылы дайкандарга картөшкө айдоону сунуштаган. Бирок, айыл чарбачылардын продукциясы толук сатылбай калгандан кийин: “Буюрбай калды”, – деген жооп менен кутулуп кеткен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.