КРнын мурдакы премьер-министри Сапар Исаковду, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматовду камакка алуу – бул коррупция менен күрөшүү эмес. Бул тууралуу КРнын экс-президенти Алмазбек Атамбаев расмий түрдөө билдирүү берди.

“…Президенттин аппаратынын мурдакы бөлүм башчысы Сапар Исаков да, Бишкектин мэри болуп турган Кубанычбек Кулматов да тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. Укук коргоо органдарына иштин маңызын өз алдынча териштирип алууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн мен ушул убакка чейин ачык билдирүүлөрдү жасоодон карманып келдим. Бирок мен бүгүн аларга Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам”, – деп экс-президент белгиледи.

Атамбаевдин айтымында, ЖЭБди КЭРнын кредитинин эсебинен реконструкциялоо, анын ичинде подрядчикти кытай тараптын тандоосуна макулдук берүү, жана ошондой эле гранттык каражаттарды “Калыс Ордо” конушундагы мектептин курулушуна  багыттоо жөнүндөгү  чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен ар тараптуу талкуулангандан кийин мамлекет башчысы өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Мындай чечимдерди кабыл алууда өлкө президентинин негизги ролу, мамлекеттик органдардын жана мамалекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигинин таңкыстыгы, мамлекет Башчысынын тышкы саясаттагы милдеттери, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу менен шартталган.

“Жоопко, Сапар Исаковду эмес, эгерде тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү фактылар аныкталса, ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү аварияга жол берип, Бишкектин тургундарын тоңдурган күнөкөрлөрдү, материалдарды, жабдууларды жогорулатылган баалар менен сатып алгандарды тартыш керек”, – деп Атамбаев талап кылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.