Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра кайтып келет. Бул тууралуу КР экс-президенти Алмазбек Атамбаев өз оюн айтып, Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду камакка алуу “Раим-миллиондун” достору менен колдоочулары тарабынан өч алуу болуп саналат деп басмалады.

Экс-президенттин сөзүн толук келтиребиз:

Соттун Райымбек Матраимовду бажыдагы жетекчилик кызматка кайтаруу жөнүндөгү чечими менин 2018-жылдын 6-июндагы саясий билдирүүмдө белгиленгендерге далил боло алат.

Тактап айтканда: “Бажыдагы уурулуктун бетин ачкан мамлекеттик ишмерлерди (Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду) камакка алуу жөнүндөгү чечим бул иш жүзүндө кызматынан бошотулгандан кийин жакшы жакка өзгөрүүлөр жана бажы төлөмдөрүнө кескин жогорулоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн аты белгилүү “Раим-миллиондун” достору менен колдоочулары тарабынан өч алуу болуп саналат”.  

Бүгүн элге Райымбек Матраимов бажыдагы ордуна расмий түрдө кайтып келеби, келбейби, ал жана ага окшогондор өлкөдөгү ушу сыяктуу жана бюджет толтуруучу башка түзүмдөрдү иш жүзүндө башкара беришерин ачык билдиришти.  

 Тилекке каршы, менин президент Сооронбай Жээнбековдун жеке өзүнө, андан кийин 2018-жылдын 31-мартында элдин көзүнчө айткан кеңештерим менен эскертүүлөрүмдү ал көңүлгө алган жок. Анын тегерегиндегилер тарабынан башталган коррупция менен укмуш күрөшүп жаткандай түр көрсөтүүгө жамынып алып, саясий оппоненттерден өч алуу бийликтин, ошондой эле коррупция менен күрөшүүнүн жарыя кылынган курсунун кадырын кетирет. 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.