Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы мэрлик кызматка талапкер кылып Жогорку Кеңештин экс-депутаты, коомчулукта “курулуш магнаты” деп аталган Азиз Суракматовду тандады. Эскертсек, баш калаанын мэрин шаардык депутаттар 8-августта шайлайт.

Расмий маалымат  боюнча, Суркматов ишмердүүлүгүн «Шоола» АКнан баштаган. 1996-1999 жылдары, жана 2002-2008 жылдары Бишкектин архитектура башкармалыгында эмгектенген.

2008-жылы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Эки жылдан кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Суракматовдун туугандары ким?

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча,  талапкердин бир тууган эжеси Гульбара Эмильбековна Суракматова жана өзүнүн уулу Айдар Азизович Суракматов «Елизавета» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү болуп катталган.

Аталган компанияга коомчулук Жогорку Кеңештин жана Панфилов атындагы парктын маңдайына салынып жаткан имарат боюнча көңүл бурган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.