Балыкчы шаарынын мэрлик кызматына «Замандаш» жана «Кыргызстан» депутаттык фракциялардын талапкерлери шайлоо комитетине документтерин тапшырды. Бул тууралуу БШКин басма сөз кызматы билдирди.
Балыкчыда мэрди 2019-жылдын 14-майында шайлашат.
Кудайбергенов Марат Сагынович – «Замандаш» депутаттык фракциясынын талапкери. 1993-жылы Балыкчы шаарында туулган. Ишмердигин 2011-жылы «Алыш Сервис» ЖЧКун башчысы болуп баштаган. 2017-жылы өкмөттүн укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп дайындалган. 2019-жылы президенттин №2 резиденциясынын маркетинг кызматынын начальниги.
Шакиров Мирбек Кадырбекович – «Кыргызстан» фракциясынан.
1979-жылы Тоң районунун Бокөмбаев айылында туулган. 2003-2005-жылдары Ысык-Көл облусунун администрациясынын өнөр-жай бөлүмүнүн башчысы. 2017-жылга чейин «Шумкар ЫККФ» ААКда эмгектенген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: