Балыкчы шаарынын мэринин шайлоосу 2019-жылдын 14-майында өткөрүлөт. Буга ылайык токтомду Борбордук шайлоо комитети кабыл алды. Бул тууралуу БШКин басма сөз кызматы билдирди.

Мэрдикке талапкерлер болуу үчүн жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы керек. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар жаран шаарга мэр боло албайт.

Эскертсек, премьер-министрдин буйругу менен 19-апрелде Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.