Эдил Байсалов Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Улуу Британиянын элчиси кызматын Гульнара Искакова ээлеген.

Андан сырткары, Эрмек Ибраимов Беларусьдагы ыйгарым элчиси болуп дайындалды. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.