Бишкек шаарынын 40 депутаты баш калаанын жетекчиси Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Добушка 46 депутат катышты, бирок депутаттардын чогулушунда Ибраимов болгон жок.

Акыркы чечимди үч айдын ичинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алат.

БШКнын чечими тууралу Албек Ибраимов кыскача видео кайрылуусунда айтты:

– Биринчиден, Бишкек шаарынын тургундарына жакшынакай мезгилде иштегенге колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирем. Экинчиден, калаадагы муниципалдык кызматтагы кызматкерлерге да ыраазычылык айтам, шаарды өнүктүрүү боюнча жакшы иштерди ишке ашырууда силер менен бирге иштешкениме сыймыктанам. Тилекке каршы, Бишкек шаардык кеңешинде болгон бүгүнкү чечим тууралуу мен кеч кабардар болуп калдым. Анткени мен үч күнгө тоого чыгып кеткен болчумун. Бирок бүгүнкү чыгарылган чечим саясий буюртма деп эсептейм. Бул маселе боюнча кийинчерээк “Фейсбуктан” дагы түз эфирге чыгып, көбүрөөк комментарий берем, – деди Албек Ибраимов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.