Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан И.С.Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз  ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу КР УКМК басма-сөз борбору билдирди.

2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Азыркы учурда Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жоопко тартуу актысын бекитүү жана андан ары ишти сотко өткөзүү үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.