Эки КСДПчы, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов кайрадан Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды.

Бишкектин мурдагы башчысы суракка бир саат мурун кирген, Сапар Исаков саат 16.00гө барат.

Эскерстек, 2018-жылдын 18 майында УКМКнин тарабынан Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча айып тагылган. Мүлкү камакка алынган. Сапар Исаковго кылмыш иш 29-майда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.