Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6 акимди кызматынан бошотту. Кол койгон буйрук боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Кол койгон буйрукка ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:

  • Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев;
  • Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев;
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов;
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов;
  • Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.

Бул чечим өкмөттүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.