Акыркы айларда коомчулукка экс-президент Алмазбек Атамбаев менен байланыштырып жатышкан адамдардын ишмердүүлүгүнө терс баа берүү жасалма түрдө таңууланып жатканын, ошондой эле айрым кылмыш иштерин тергөөдө күч түзүмдөрүнүн ылгоочулук мамилелерин байкалып жатат. Бул тууралуу КСДПнын басма-сөз кызматы билдирди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары өз сөздөрүндө 2018-жылдын 10 жана 16-майында Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги кыйроонун себептери жөнүндөгү маселени кароо “сот процессин” эске салганын моюнга алышкан. Депутаттар өзүлөрү билдиргендей, кабыл алынган токтом айыптоочу тыянактарды камтыйт. 

“Ошондой эле Жогорку Кеңештин токтому Бишкек ЖЭБдеги 2018-жылдын январында болгон кыйроого түздөн түз күнөөлүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө пункттарды камтыбаганы таң калыштуу. Мунун ордуна парламент маселенин экинчи бөлүгүнө, тактап айтканда, адистердин пикиринде Бишкек шаарынын жылытуу системасын оңдолгус кыйроодон сактап калган ЖЭБди модернизациялоонун демилгечилерин айыптоого көңүл бурган. Ошондой эле ЖЭБдеги кыйроону териштирүүдө укук коргоо органдары ачыктан ачык ылгоочулук мамиле жасашууда. Маселен, адегенде кылмыш иши ЖЭБдеги кыйроо фактысы боюнча козголгон. Бирок анын мурдакы директору Нурлан Өмүркул уулун жоопко тартуунун ордуна, тергөө органдары кыйроого түздөн түз тиешеси жок адамдарга көңүл бурушууда. Жалал –Абад шаарынын мэри, КСДП партиясынын мүчөсү С.А. Авазов камалды, мурдакы Премьер-министр, КСДП партиясынын Төрагасынын орун басары С. Ж. Исаковду суракка чакырышууда”, – деп Жолдубаева белгиледи.

Азырынча, КСДПнын Төрагасы Алмазбек Атамбаевдин 2018-жылдын 31-мартындагы басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн кийин коомчулук мамлекеттик бийликтер ЖМКлар “Раим-миллион” деп атап жүрүшкөн белгилүү Раим Матраимовго карата кандай чечим кабыл алышаарын күтүүдө. 

“Бирок Раим Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынан бошотулгандан кийин бюджетке түшүп жаткан бажы төлөмдөрүнүн кескин жогорулашы далил болгон бажыдагы уурдоолорду тергөөнүн ордуна, укук коргоо органдары, биздин көз карашыбызча, ойдон чыгарылган себептер менен бажыны коррупциядан тазалай баштаган КСДПнын Саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек Кулматовду кылмыш жоопкерчилигине тартышууда. УКМКнын АККнын мындай ылгоочулугу коррупция менен күрөшүү идеясынын өзүнүн беделин кетирет деп эсептейбиз”, – деп КСДПнын өкүлү жыйынтыктады. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.