Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги Бажынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматовдо орусиялык жарандыгы жок экенин ырастады. Бул тууралуу Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Эскертсек, 2018-жылдын 14-июнунда УКМК тарабынан Кубанычбек Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) айып тагылган.

УКМКнын маалыматы боюнча, Кубанычбек Кулматов ССРУнун паспортун жоготкон себебинен 1995-жылдын 11-октябрында Орусиянын жарандыгын алган. 1996-жылдын 26-ноябрында Кулматов, “жоголгон” паспорт аркылуу Кыргызстандын жараны деп дайындалган. Алынган паспортту мурдагы мэр 2001, 2003 жана 2013 жылы жаңылаган

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.