Бүгүн, 25-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Түркстан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди. Ал Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: