Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик визиттин алкагында Си Цзиньпин эртең, 13-июнда, Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.
КЭР төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.
Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар






Spelling error report
The following text will be sent to our editors: