Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө. Монголиянын президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Монголиянын президентинин ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Монголиянын президенти Кыргызстандагы Монголиянын элчилигинин ачылышына катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.