Акыркы учурда соцтармактар президенттке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишин талкууга алды. Бирок, УКМК тарабынан расмий түрдө таратылган жообунда, Бабанов кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат деп белгилеген.

Экс-депутаттын өкүлү Ислам Каргабаевдин айтымында, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы Он Адырда эч кандай улуттар ортосундагы араздыка чакырган эмес.

“УКМК, Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе жоопко тартылат деди. Бул маселе боюнча, биз Өмүрбек Токтогулович менен сүйлөштүк. Ал бийлик астында өзүнүн милдетин толук аткарганын, эч кандай күнөөсү жок экендигин белгилеген. “Кандай болсо да, Кыргызстанга келем”, – деди. Биз Бабановду колдойбуз, ага каршы козголгон иш – саясий иш”, – деп Бабановдун өкүлү басмалады.

Эскертсек, Өмүрбек Бабановдун жактоочулары анын шайлоодогу сөздөрүн Россия Федерациясындагы экспертизага берген. Лингвистикалык, психологиялык экспертизада эч кандай бийликти тоңкоруу боюнча чакырым болгон эмес деген жыйынтык чыгарылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.