Бүгүн, 14-майда Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын мэри шайланды. 31 депутаттын ичинен 22 «Замандаш» фракциясынын өкүлү  Марат Кудайбергенов шайланды. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Эскертсек, премьер-министрдин буйругу менен 19-апрелде Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

Марат Кудайбергенов 1993 жылы Балыкчы шаарында туулган. Ишмердигин 18 жашында “Алыш Сервис” ЖЧКун жетекчиси болуп 2011-жылы баштаган. 2017-жылдын августунда өкмөттүн ыйгарым укукту өкүлүнү жардамчысы болуп дайындалган. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.