Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» токтомуна кол койду.
Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10 – августундагы «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 000 (он миң) сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 (сегиз миң сегиз жүз) сомдон аз болбойт деп белгиленди.
Бул токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Маалымат булагы gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: