Коллегияда министрликтин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана күзгү айдап-себүү кампаниясына даярдык каралды.

🔰 Биринчи маселе боюнча министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу баяндама жасап, аткарылган иштердин жыйынтыгы жана алдыдагы сезондук иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле дыйкан-фермерлерди үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар, минералдык жер семирткичтер жана башка зарыл ресурстар менен камсыз кылуу, айыл чарба техникаларынын даярдыгы талкууланды.

🔰 Мындан тышкары, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана агроөнөр жай комплексин 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын негизги багыттары, ошондой эле «Агросмарт» мамлекеттик ишканасынын ишинин жыйынтыктары жана алдыдагы пландары каралды.

🔰 Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков оруп-жыйноо жана күзгү талаа иштерин уюшкандыкта өткөрүүнү, дыйкан-фермерлерди зарыл ресурстар менен өз убагында камсыз кылууну жана белгиленген милдеттердин сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну тапшырды. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, министрликтин алдыдагы мезгилге карата негизги милдеттери белгиленди.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.