2018-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовдун баш коргоо чарасы тергөө аягына чейин КР МУКК тергөө камак жайына кармоо болуп өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.

Кубанычбек Кулматов

Такталган боюнча, К.Кулматов 2014-жылы Бишкек мэри болуп туруп, “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жаңы эки мектеп куруу максатында берилген гранттык каражаттарды КР Өкмөтүнүн карамагынан Бишкек шаардык мэриясынын карамагына Калыс Ордо жаңы конушунда мектеп куруу маселеси орчундуу деген жүйөө менен чыгарып кетип мыйзамсыз колдонгон.

К.Кулматов “Альто Групп” ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, кытайлык компаниядан 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 млн. сомдон ашык акча бөлүнүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.