Бүгүн, 16-майда президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келди. Алгач Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылындагы “Капар уулу Улан” жеке менчик мал чарбачылыгы менен таанышты.
Аны менен катар аймакта бул сыяктуу асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп жатканын айыл чарба министри, облустук жана райондук жетекчилер маалымат берди. “Сүт секторун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун жетекчиси Төрөгул Беков бул долбоор облустагы фермерлердин айыл чарба деңгээлин көтөрүү, социалдык экономиканы жакшыртууга багытталарын билдирди.
“Дүйнөлүк банк аркылуу ишке ашып жаткан долбоордо $5 млн каралган. Анын эсебинен чакан фермерлер 2018-2020-жылдар алкагында саан уй алууга $1 миң пайызсыз, күрөөсүз насыя алат. Андан сырткары сүттү кайра иштетүүгө жабдуулар, асыл тукум малдардын уругу алынат”,-деди ал.
Андан соң өлкө башчы кийинки сапарын Түп районунда улантып, спорттук комплекстин курулушу менен таанышып, эл менен жолугууда.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: