КР УКМК ККК тарабынан КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган Анаркулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке материалдык баюуну көздөп,кызматка дайындоо жөнүндө оң чечим чыгаруу үчүн мамлекеттик жетекчи кызматорундарынын бирине талапкерден өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылган.

Бул факт боюнча КР УКМК ККК КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу)кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 2021-жылдын 30-январында жүргүзүлүпжаткан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Анаркулов кармалып, КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына киргизилди.

КР УКМК белгилегендей, Кыргыз Республикасында болуп жаткан коомдук-саясий процесстердин кадрларды дайындоо менен кошо мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинен уруксат алуу шылтоосу менен акча талап кылуу учурлары, Мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн мындай иш-аракеттери “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына карама-каршы келет жана ээлеген кызматына жана артыкчылыктарына карабастан, колдонуудагы мыйзамдардын толук көлөмүндө басылып калат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.