Шаардык сот Первомай райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов камакта 2018-жылдын 29-августуна чейин калды.
Ибраимов УКМКнын тергөө башкармалыгына 19-июлда жеткирилген.
Эскерстек, Албек Ибраимов үч кылмыш иш боюнча сурактарга чакырылган:
“ТНК Дастан” ААКсынын жетекчиси болгон учурда, буюм сатып алууда жогорулатылган бааны көрсөтүү менен мекчиктештирилген каражаттары боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
“Дастан” боюнча кылмыш иштин алкагында “Солнечный берег” пансионатын 100% акцияларын сатууда мамлекет 152 миллион сом чыгым тартканы аныкталган.
2017-жылы Ибраимовдун тапшырмасы менен конкурс өтүп, Бишкектин түштүк тарабындагы аянты беш гектардан ашык эки жер тилкеси ортомчулардын атына мыйзамсыз берилип катталган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: