Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады.

“Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, – деп Сооронбай Жээнбеков куттуктады.

Эскертсек, бүгүн 20-мартта, Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев президент катары ант берди. Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин өлкөнүн президенти болуп калат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.