«Кыргызстан жана Монголия ортосундагы саясий кызматташтык өз ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи.

Президент Монголиянын Кыргызстандагы Элчилигинин ачылышы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын дарамети толук ачылып, өз ара мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүн баса белгиледи.

 «Өз кезегинде, биз да Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүгүбүздү ачуу маселесинин үстүндө иштеп жатабыз. Жакын арада Улан-Батордо ардактуу консулдук ачабыз деген планыбыз бар», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Монголия байкоочу өлкө катары макамга ээ болгон ШКУ алкагында да тыгыз өз ара аракеттешүү ишке ашырылып жатканын кошумчалады жана Уюмдагы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагындагы иш-чараларды колдоосу үчүн монгол тарапка ыраазычылык билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында Сооронбай Жээнбеков Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында кыргыз жана монгол бизнес-жамааттарынын катышуусу менен бизнес-форум өткөрүүнү сунуш кылды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.