Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бүгүн, 2-майда Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кайра карады.

Шектелген мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев камактан бошотууну талап кылган. Анын айтымында, Кулматов менен Ибраимов бир айдан бери мыйзамсыз абакта камалып жатышат.

Бирок соттун чечими менен камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Соттогу эки жактын айтышуусу айтылган мөөнөттө уланат.

Эскертсек, эки мэр Калыс-Ордодогу мектепти куруу иштеринде коррупция беренеси боюнча шектелип кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, мамлекетке 95 млн сомго чыгым келтирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.