2018-жылдын 21-июлунда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) каралган кылмыш белгилеринин негизинде Бишкек шарынын мурунку мэри Албек Ибраимовго айыбы угузулду. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматы билдирет.
Тергөөдө белгиленгендей Ибраимов, пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер участокторун Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда өзгөчө ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышкан.
Эскертсек, Албек Ибраимов 119-июлунда УКМКнын тергөө башкармалыгына жеткирилген. Буга чейин аны УКМКнын кызматкерлери көп жолу суракка чакырышкан. Ошол эле күнү Ибраимов ээлеген кызматынан бошотулган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: