КР президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык УКМКнын 9 кызматынын начальниги Токтосун Сабыров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Сабыровдун ордуна Тимур Шабданбеков дайындалды. Президенттин жаңы жан сакчысы 1974-жылы 28-мартта Фрунзе шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы ИИМдин Жогорку мектебин аяктаган. 1999-жылдан тарта Улуттук коопсуздук органдарында иштеп, ар кыл жетекчилик кызматты да аркалаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.