КР экс-вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш кодексинин 308-10беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козголду. Бул тууралуу УКМКнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалымат боюнча, 2011-2016-жылдар аралыгында Зилалиев декларациясында 2 миллион 541 миң сомдук кирешесин көрсөткөн. Бирок ошол эле убакытта Кыргызстандын бир коммерциялык банкында декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 АКШ долларын сактаганы аныкталган.

Андан сырткары, кыймылсыз мүлктөрү анын туугандары жана башка компанияларга катталган. Зилалиев Мамлекеттик геология агенттигин жетектеп турганда жумушу жок тууганына кен чыккан аймактарга бир нече лицензия берген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.