Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп өкмөттүн катында белгиленген.

Авазов Бишкектин Жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыпталган. ТВЕА менен келишим түзүлгөн учурда ал “Электр станциялары” ААКнун жетекчиси болгон. 2014 жылы Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын башчысы болуп дайындалган.

2018-жылдын 17- апрелинде коррупция беренеси боюнча, Авазов жана анын экс-орун басары Жолдошбек Назаровту УКМК камака алган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.