Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоору каралып жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
КР экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду бере турган атайын убактылуу комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин баяндамасы угулду.
Баяндамачы мыйзам талаптарына ылайык, экс-президенти статусунан ажыратылгандан кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылыш мүмкүн.
«Атайын комиссия негизинен Конституция баш болгон 5 ченемдик укук актысына таянып иш жүргүздү. Комиссиянын корутундусуна 11 депутат кол койду. Ошондон улам, Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору иштелип чыгып, тармактык комитет парламенттин кароосуна алып чыгып отурат. Мыйзамга ылайык, токтомдун кабыл алынышына 80 добуш берилүүгө тийиш», – деди Каныбек Иманалиев.
Атайын комиссия тарабынан экс-президент Алмазбек Атамбаевге тогуз айып тагылганы, бирок иликтөө жыйынтыгында ал алтыга чейин кыскартылганы белгилүү болду. Экс-президентке мамлекеттик бийликти мыйзамсыз басып алганы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, ТЭЦке көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз сатып алышы боюнча айып тагылууда. Ушундан улам, комиссия экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектелүүгө негиз бар деген жыйынтыкка келген.
Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтомдун долбоорун талкуулоо жол-жоболору улантылууда.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: